Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкеринин иши каралууда.
Анда мамлекеттик айыптоочу Адилет Шыгаев жарыш сөзүн окуп жатат.
"Бул окуя Жайыл РИИБинде болду. Бул жер көчө эмес, адамды коргой турган жер. Милиция бөлүмүн атайын адамдар кайтарып, өз милдеттерин аткарып иштешет. Адам укугу корголо турчу жерде шалаакылык орун алды", - деди Шыгаев.
Мамлекеттик айыптоочу сөз аягында 5 милиция кызматкеринин ар бирин 5 жылдан эркинен ажыратууну сурап, сот залынан камакка алууну өтүндү.
Ал эми жабырлануучу Турдали Кожоналиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкерин актап берүүнү, ал эми 3 милиция кызматкерин камакка алуу жазасын берүүнү суранды.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.