Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча айыпталуучулар шаардык сотко арыз менен кайрылышты. Мындай маалыматты кылмышкер Марс Бөдөшовдун агасы Жолдошбек Бөдөшов тастыктады.
"Бүгүн, 21-декабрда сотко арыз менен кайрылдык" деди ал. Айтымында, алар буга чейинки чыккан соттун чечими менен макул эмес.
Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Марс Бөдөшов менен Акмат Сейитовго карата өкүм чыгарган. Анда Бөдөшов 20 жылга, ал эми Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылган.