Бүгүн, 1-июнда Жалал-Абад облусунун Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жаш балдарды эл аралык майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
"Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү облустун бардык аймактарында 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарга белектерди берип куттукташты. Ошондой эле Базар-Коргон ЖКККБнын кызматкелери жол транспорт кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алып, ооруканада дарыланып жаткан балдарга белектерди берип кайтышты. Мындан сырткары Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн кадр бөлүмү жана ЖКККБнын жетекчилери Ноокен районундагы Ж.Ниязова атындагы (көмөкчү) жалпы билим берүү мектебине белектерди берип кайтышты", - дейт басма сөз катчы.