2018-жылдын 4 ай аралыгында жол кырсыгынан 202 адам каза болгонун Ички иштер министрлиги кабарлаган эле. Бул убакыт аралыгында өлкө аймагында 1 миң 580 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгы - көп кыргыздын кайгысы болуп калды...
Кырсыктын көп болушунун себептеринин бири - айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгында. Ал эми айдоочулардын айтымында, жол эрежелеринин сакталбай жатканына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин да тиешеси бар. Мына ушундай коомдун көйгөйүнө көз жума албай, айдоочу менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкердин ортосунда жаралган окуяны "Элдик кабарга" маалымдаган окурман бул рубриканын май айындагы жеңүүчүсү деп табылды.
Ал 31-май күнү "Элдик кабарга" "Бишкекте айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду 300 метрдей аралыкка түртүп, айдап келди" деген маалыматты жөнөтүп, видеосу менен бөлүшкөн.
Ал: "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери да абдан өжөр экен. Унааны аял башкарып бара жатыптыр. Инспекторду коркпой эле түртүп келип жол четине токтоду. Өзүнүн айтымында, жолдошу чоң кызматта иштейт экен", - деп жазган.
Видео жарыялангандан кийин бул абал коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, жол эрежеси тууралуу көптөгөн көйгөйлөрдүн айтылышына себепкер болду. Биз "Элдик кабардын" май айындагы жеңүүчүсү менен таанышканыбызда, ал жолдогу коопсуздуктун сакталбашына кайдыгер карай албай тургандыгын билдирди. Жеңүүчүнүн аты-жөнү - Канатбек Сартмырзаев, 29 жашта, унаа айдап жүргөнүнө 10 жылга жакын убакыт болгон. "Жолдо жүрүүдөгү көйгөйлөр менен жакшы эле таанышмын", - деди ал.
- Канатбек айтсаңыз, бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?
- Мен курулуш фирмасында иштейм, ишканабыз Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан. Ошол күнү жумушка бара жатып, айдоочу менен инспектордун ызы-чуусун көрүп калдым. Айдоочу инспектор толтурган протоколду жулуп алды, менин түшүнүгүмдө инспекторго колундагы протоколун жулдуруп жиберүү - бул намыс. Ал намыстанып айдоочу унаасын айдап жибергенине карабай анын капотун жөөлөп туруп алды. Бир топ убакыт өтүп мен видеого тартып баштадым, бирок ал жерде видеого тарткандар көп болчу. Мындай айдоочуларды да, инспекторлорду да эл билсин деген ойдо "Элдик кабарга" жөнөткөм.
- Сиз өзүңүз деле унаа айдап жүргөнүңүзгө көп болуптур, айдоочулардын жолдогу маданияты кандай деп айта аласыз?
- Эми баары эле жаман эмес, абдан сабырдуу, маданияттуу айдоочуларды кезиктирип, үлгү алган учурлар болот. Ошол эле учурда "кооптуу" айдоочуларды көп кезиктирдим, унаасы бар, бирок аң сезими жок. Менимче, айрым учурда инспекторлордун катаал болгону, тескерисинче, пайдалуу. Бишкекте жүргөнүмө 13 жыл болду, акыркы учурда жол кыймылында жаралган айрым маселелер - жолдордун жабылганына да байланыштуу болуп жатат деп ойлойм.
- Сиз жөнөткөн маалымат коомчулуктун талкуусун жаратат деп күттүңүз беле?
- Ооба, жаралган жагдай талкууланат деп билгем. Анткени аял унаасын токтотуп инспекторлор менен сүйлөшкөндө жакындарынын бири чиновник экенин айткан. Мындай учурда кырдаал 2 эсе күчөйт эмеспи. Бирок жеңүүчү болом деп такыр ойлогон эмесмин, ал тургай "Элдик кабар" жеңүүчүлөрдү аныктап турары эсимден чыгып калыптыр (күлүп).
Эске салсак, кечээ, 31-майда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жол тандабастын айдоочусу инспекторду унаасы менен түртүп айдап келгенин кабарлаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББи билдирген эле. Буга чейин жаралган жагдай боюнча инспектор өзү да SUPER.KG порталына айтып берген. Анда ал өз кызматымды так аткардым деген. Ал эми инспекторду унаасы менен жөөлөй айдаган аял: "Кандай болгон учурда да ал унаанын капотуна жабышпаш керек болчу, айдоочуну токтотууга башка толтура жолдор бар" деген.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү:
2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон (Бишкек шаары).
2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман (Баткен облусу).
2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон (Ош шаары).
2017-жыл, декабрь айы - Бишкек шаарында жайгашкан №3-балдар ооруканасында дем алыш күндөрү орун алган көп сааттык кезек күтүү тууралуу жазган окурман (Бишкек шаары).
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:
2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).
2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.