Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.
SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна парламенттин депутаты Алтынбек Жунус уулу төмөнкүдөй жооп берди.
"Кытай Бишкектен өзүнө миллиондогон долларга чоң элчилик салган. Ал жер мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында эле бөлүнгөн. Бул чечим жокко чыгарылса, имаратты көчүрүп кете албайт. Ошондо эле берилген жер, кечээ шаардык кеңештин депутаттары берип койгон жок. Мурда эле 49 жылга берилген, азыр мыйзамдаштырып коюшту. Бирок мени кызыктырган суроо: Кытай бизге эмнени берди?
Кытайдагы биздин элчиликке барганмын. Ал чоң дипломатиялык шаарчада жайгашкан. “Ошол жактан бизге жер берди” деп жатышат. Билишимче, кытай тарап бизге берген жок. Биз бир тараптуу эле берип койдук. Кечээ шаардык кеңештин жыйынында бир да депутат кытайлар бизге эмне бергенин сурап койгон жок. Келишим да көрсөтүлбөптүр.
Эми Кытайга 3 гектар жер берген маселеден чыр чыгаруунун кажети жок. Кытай - улуу кошуна. Бирок Кытай тараптан да калыстык болуп, бизге да ошондой жер берилсе туура болмок.
Мисалы, Орусиянын Бишкектеги элчилиги "Кыргызалтындын” имаратын күчкө салып алып койгон. Биздин жакшы көргөн жерлерибизге чоң өлкөлөрдүн элчиликтеринин кийлигишүүсүн байкасак болот. Ошол жерлерди бергенден кийин тең ата сурай албаганыбыз мени өкүндүрөт", - деди Жунус уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Нурбек Алимбеков, Руслан Казакбаев, журналист Тынчтык Алтымышевдин пикирлери бул шилтемеде.