Депутат Нурбек Алимбеков: "Буга чейин Кытайдагы элчилигибиздин арендасына 3 миллион доллар короттук"

Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.

SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна депутат, парламенттин мурунку вице-спикери Нурбек Алимбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, бул келишим президенттин Кытайга боло турган сапары алдындагы туура эле дипломатиялык кадам болду.

"Бизге Кытайдан 25 сотых жерге жаңы курулган имарат элчилигибизге берилет экен. Эми эки тараптын базар бааларын карап чыгыш керек деп ойлойм. Бул эки мамлекет ортосундагы чоң келишим болуп жатат. Тышкы иштер министрликтери аркылуу чечилип, даяр болуп калыптыр. Биздин министрлик деле жакшы эле иштеген болуш керек деп ишенем. Негизинен жерлерди 5 жылга же 49 жылга алышат.

Биз 3 жыл мурун Кытайдын Пекин шаарына иш сапар менен барганыбызда “буга чейин Кыргыз элчилигинин ижарасы үчүн 3 миллион доллар кеткен” деп айтышкан эле. Бул кийин ЖМКларда да жазылып жүргөн. Мындай чоң каражат төлөгөнчө жердин бизге өтүп калганы туура эле болмок. Бул келишимге туура көз караш менен карашыбыз керек. “Жерибизди Кытайга берип жиберди, алданып калдык” дегидей ал жерде 2 баштуулар отурган жок. Акыл-эси бар, тышкы саясатты түшүнгөн патриоттор отурат деп ойлойм. Президентибиздин Кытайга сапарынын алдында мунун чечилиши жакшы эле дипломатиялык кадам болду", - деди Алимбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Жунус уулу, Руслан Казакбаев, журналист Тынчтык Алтымышевдин пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан