Өлкө аймагында 145 мектеп-интернаты бар, бул окуу жайларда 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.
"Мектеп-интернаттарындагы балдардын 683ү тоголок жетим. Алардын ичинде ата-энеси чет өлкөгө кеткен мигранттардын балдары да бар.
Ал эми өлкө боюнча 24 миң бала ата-энелери чет өлкөгө кетип, тууган-туушкандарынын колунда тарбияланат. Ал балдар ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди адис.