SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялым жакпай калды, ажырашкым келип жатат" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Аялым экөөбүз 4 ай сүйлөшүп жүрүп анан баш кошконбуз. Аны мурун боёксуз бир дагы жолу көргөн эмес элем. Боёкторун жууса мен жактырып үйлөнгөн Айнура такыр жок, көрсө мен алданып калган экенмин. Ажырашкым келип жүрөт, эми эмне кылсам деп башым катты..." - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Аялыңыз жакпай эле, анын боёкторуна короткон акчаларга ичиңиз тарып жаткан жокпу, автор?"
- "Кызык эле адамдар бар, ал сага кийим же буюмбу, жакпай калса базарга барып жаңысын алгыдай. Менин деле кебетем анча эмес, элдин айтуусуна караганда, күйөөм келбетүү. Менин да жакшы сапаттарым бар үчүн өлбөй эле жашап жатат. Ошол сыңары сен да издеп көр жакшы жактарын..."
- "Жакшы көрүүгө аракет кылыңыз. Ажырашуу - жаман нерсе. Орозодо тынч эле жүргүлөчү туугандар".
- "Сен аялыңа сырткы келбети үчүн гана үйлөндүң беле? Үйлөнүп алып, анан жакпай калса ажыраша бергидей, сага турмуш оюнчукпу?"
- "Аялыңды боёнтуп, жасантып алып жактырып жүрө бер, ушул да көйгөйбү?"
- "Бетин жууп көрүп, анан үйлөнсөңүз болмок экен. Тагдыр экен, эми баш ийиңиз, кандай болсо ошондой сүйгөнгө аракет кылыңыз".
- "Ажырашкан соң мындан да жаман абалда болуп калышыңыз толук мүмкүн, чоң ката кетиргендигиңизди кеч түшүнүп..."
- "Кой, автор, болбойт мындай. Канча ойлосом да ой түбүнө жетпей койдум. Сөздүн кыскасы ажырашпа! Сенсиз да ажырашкандар аябай көп. Эч эле болбой баратса келинчегиңе айт, ар дайым "боёнуп" жүрсүн".
- "Эң негизгиси сени, ата-энеңди сыйлап, айтканыңдан чыкпай турса болду да. Болору болуптур, эми кымбат баалуу косметикалык каражаттардан алып бер, сенин жаныңда андан да сулуу болуп боёнуп жүрсүн. Башка балдарга айтаарым, үйлөнөрдөн мурун кызыңардын бетин жууп, анан үйлөнгүлө, ай чырактай кыздарыбызды бактысыз кылбай".
- "Сулуулугун чайга чылап ичмек белең, ички дүйнөсү сулуу болсо болду!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.