Мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 2018-жылдын 1-апрелине карата 368 миң адамды түздү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова 5 айдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 261 миң 400 балага жөлөк пул берилет. Ал эми ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулду 86 миң 900 адам алат.
Жаңы кабыл алынган жөлөк пул жөнүндө мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тартып үй-бүлөнүн кирешесин аныктоодо, пенсиянын бардык түрлөрү киреше катары эсепке алынбайт.
"Үй-бүлөнүн кирешеси ар бир жанга эсептегенде 900 сомдон ашпаса, "үй-бүлөгө көмөк" иретинде ар бир балага 16 жашка чейин 500 сомдон жөлөк пул берилет.
2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган "балага сүйүнчү" жөлөк пул жашаган жерине карабастан 4000 сом өлчөмүндө берилет. Ушул жылдын 1-апрелине карата бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" алуучулардын саны 21 миң 813 адамды түзгөн.
Өлкө казынасынан мамлекеттик жөлөк пул үчүн жалпы 147 миллион 700 миң сом каржыланган. Бир жолку төлөнүүчү "балага сүйүнчү" жөлөк пулу үчүн 90 миллион сом бөлүнгөн", - деди министрдин орун басары.
Эске салсак, ушул жылдын 29-мартында Жогорку Кеңеш балдарга жөлөк пул боюнча мыйзамды кабыл алган.