Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка келди. Ал бүгүн, 5-июнда саат 16:00гө чакырылган эле. Исаков суракка чакырылганын 1,5 саат мурун гана билгенин айтты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мурдагы премьер аны камоо же камабоону тергөө чече турганын айтты.
Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.