20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна блогер Нурсултан Акылбек жооп берди.
Блогердин пикиринде кызматтан алуу менен маселе чечилбейт, мыйзамдын иштешин көзөмөлдөш керек.
"Бул жерде ала качуу, кыз-келинге карата кылынган мамилени өзгөртүү керек. Бизде мыйзам бар, бирок иштебей жатат. Бир гана жоопкерчиликти күчөтүү менен чектелбей, мыйзамды эффективдүү иштетүү жолдорун карап чыгышыбыз керек.
Эң маанилүү нерсе - коом ала качуу терс көрүнүш экенин билүүсү зарыл жана мыйзам иштеши керек. Ар бир кыз жана алардын туугандары, жакындары өз укугун билүүсү зарыл. Милиция кызматкерлери ар бир түшкөн арызга жооп берип, тийиштүү чараларды көрүүсү керек. Коомчулукта Бурулай да укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы айтылып жатат. Бирок тиги жигит жоопкерчиликке тартылган эмес экен. Ошондуктан жоопкерчилик менен иштөө зарыл", - деди Нурсултан Акылбек.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Акылбек Жамангулов, Экмат Байпакбаев, журналист Нарын Айып жана эксперт Мирсулжан Намазаалынын пикири бул шилтемеде.