Жактоочу: "Асылбек Жээнбеков кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек" (видео)

Бүгүн Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу жемкорлук фактысы боюнча жактоочулар өткөрүп жаткан маалымат жыйында алар өздөрүнүн коргоочуларына коюлуп жаткан айыптардын негизсиз экенин айтып, ЖЭБ чырына тиешелүү тараптардын баары тегиз суралуусун талап кылды.

Жактоочу Замир Жоошев жыйынтык шашылыш чыгарылып, тыкыр иликтенбегенине токтолуп, маселеде Асылбек Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги бар экенин айтты.

"Жогорку Кеңеш мындай чоң долбоорлор каралып жатканда насыялык макулдашуу каралып аны бекемдөө жөнүндө мыйзам кабыл алышы керек. Элдин талкуусуна чыгарып, үч окуудан өткөрүп, мыйзамда каралган белгилүү убакыт өтүш керек. Ал убакыт өткөндөн кийин гана чечим кабыл алынат. Булар бир отуруп, бир күндө, бир окуу менен чечим кабыл алышкан. Бул жерде сөзсүз Асылбек Жээнбеков жана комитеттин башчыларынын жоопкерчилиги бар. Анткени бул жерде анык эле мыйзам бузуу болгон", - деди Жоошев.

Буга карабастан ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышканына жактоочу Нурбек Токтакунов дагы токтолду.

Ал Асылбек Жээнбековду парламент мыйзам бузганына карабай актап жатат деген пикирин айтты.

"Парламент Асылбек Жээнбековду мыйзам бузгандыгына карабай актап жатат. Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылам", - деди Нурбек Токтакунов.

Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын берүүдө
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан