Бишкектеги Свердлов районундагы сотто ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум өтүүдө.
Анда Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу: "Сапар Исаковдун жактоочуларынын отурумга келбегендиги судьяга болгон сый көрсөтпөстүк", - деди. Жактоочулар жана айыпталуучулар отурумду башка күнгө жылдырууну суранды. Судья Инара Гилязетдинова дагы бир саатка тыныгуу жарыялады.