Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптарга жарыш сөз берилди. Бүгүнкү отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыш сөзгө чыкты. Анда ал Сапар Исаковдун ЖЭБ долбоорун ишке ашырууда жасаган ишинде кылмыштын курамы жок экенин белгиледи.
"Сапар Исаковго "коррупция" беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Бирок анын негизинде иштин обьективдүү тарабы иликтенген эмес. Тергөөдө коррупция орун алганын далилдеген факты же күбө табылган жок. ЖЭБ боюнча кабыл алынган келишимде мыйзам бузуулар болсо, эмнеге мамлекет аны денонсация кылган жок. Себеби Кыргыз өлкөсү менен Кытай Эл Республикасынын Эксимбанкынын ортосундагы келишим бүгүнкү күндө дагы иштеп жатат", - деди жактоочу.
Отурумга КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, депутат Ирина Карамушкина, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев да катышып жатат.