SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.
Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Айганыш Абдиеванын "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасы кошулду.
"Бул чыгарманы белекке алгам. Тагыраагы, "Кыргызстан обондору" радиосу өткөн жылы сынак уюштуруп, анда жеңүүчү болгондорго чыгарма белекке берген. Ырга болгону клип гана тарттыруу керек болчу. Бирок кош бойлуу болуп, ичим аябай эле билинип калган. Ошентип клипти балалуу болгондон кийин тарттырдым. Уулумду апама таштап коюп, таңкы саат 4кө чейин клип тарттыруу менен убара болдум. Клиптеги кыздын бою узун болгондуктан ошого ылайыктуу жигитти табуу кыйын болду", - дейт ал.
30-МАЙДАН 6-ИЮНГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы камсыздаган.
8-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасына буюрган.
7-орунда - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы жайгашкан.
6-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" чыгармасы камсыздаган.
5-орунду - Амир Аскаровдун "Кызганам" чыгармасы ээлеген.
4-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясына буюрган.
3-орун - Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасына буюрган.
1-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.