SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бир учурда бир нече сүйүү" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Бир учурда бир канча адамды сүйүп же алар сени сүйүп калган учурлар болду беле? Ушундай учурдан кантип чыгасыңар? Жашоодон бардык нерсени күтсө болот экен. Так жооп бергиле", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Эгер бирөөнү чындап сүйсөң, башка кыздар көзүңө көрүнбөй калат".
- "Бирөө менен сүйлөшүп баштасаң эле элдин баары сени сүйүп башташат".
- "Эки-үч сүйүүнү жаздык кылып жатмак белең, бирөө ашып кетет го".
- "Эки тоонун чөбүн эңсеген теке ачкадан өлөт".
- "Бир канча адамды эмес, сенин кыялыңдагы сапат ошол кыздарда болсо жактырышың мүмкүн. Себеби кыялданбасаң, сүйө албайсың. Ар бир эркектин өзүнүн кыялында жасап алган адамы болот. Же окшоштуруп тапкан кыз менен мамилең келишип, ал сага жагат сен ага жагасың. Ошентип кайсы бирин жактырарыңды билбей каласың. Экөөнүн кимисин жактырсам деген ойго түшөсүң. Эркекке койсо экөөнү тең деле алсаң болот, бирок аялдар кызганчаак келет да".
- "Бир учурда бир нечени сүйүп калуу - акылга сыйбаган иш. Башымдан өткөн эмес, ошентсе да андайга жол бербейт болчумун".
- "Эгер эки адамды тең сүйүп калган окшойм" деген сезим болсо деле бирин гана чын жактырасың. Экинчиси көңүлүңө жакын болуп калган, ага көнүп калгансың же болбосо аны аяйсың.
Башка жоромол жок..."
- "Бир учурда эки эмес, бир нече адамды сүйүп калуу мүмкүн. Болгону бирин көбүрөөк, калгандарын азыраак жактырасың. Кээде экөөнү бирдей сүйгөн учурлар да болот. Менде болгон. Экөө - сырткы келбетинен баштап мүнөзүнө чейин бири-бирине таптакыр окшошпогон, карама-каршы келген адамдар. Биринде жок сапаттарды экинчисинен, экинчисинде жок сапатты биринчисинен табасың дегендей. Андай абалдан чыгуунун кереги деле жок. Убакыт баарын өз ордуна жайгарып коёт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.