Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.
Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков пикирин билдирди.
Жээнбековдун айтымында, учурдагы парламенттеги КСДП фракциясы бийлик тарапка өтүп кеткен.
"Учурда социал-демократтар партиясы менен КСДП фракциясы эки башка. Учурдагы КСДП фракциясы факт түрүндө жаңы президент Сооронбай Жээнбековго таандык, азыр ал фракциянын аты эле КСДП. Бул партияга жалаң бийликти жакшы көргөндөр чогулган, эртең бийлик башка жакка оой турган болсо, булар да ошол жакка ооп кетет.
Алмазбек Атамбаев учурда жалгыз калды, азыркы карманган пикиринде аягына чейин калабы же аягында өзгөрүп кетеби, ал убакыт көрсөтө турган иш", - деди Жээнбеков.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, журналист Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Феликс Кулов, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.