Бурулайдын өлүмү боюнча аны ала качкан адамдын досу дагы камакка алынды

Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жыпара Исабекова 17-июлда өткөргөн маалымат жыйынында SUPER.KG'нин берген суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, камакка алынган бала Бурулайды өлтүрдү деген шек менен кармалган баланын досу болгон.

"Маркум Бурулайдын атасы судмедэкспертизанын жыйынтыгына каршы экенин билдирген. Биз кыздын денесин казып алууга макул элек, бирок атасы акыркы чечим кабыл алып каршы экенин билдирген. Ал "комиссиялык экспертиза карап чыксын" деп жатат", - деп билдирди Исабекова.

Айта кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан Бурулайга бычак сайып, ал жаракатынан улам көз жумган.

Бурулайдын өлүмү. Ала качкан адамдын досу да камакка алынды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Missing-u
2018-07-17 10:50:11
Неге жалан Бир тараптуу маалымат,олтургон баладан албайсынарбы интервью?! Башка маалда кылмышкерди оло суйлотуп кылмышын полный корсотуп видеого тартат эленерго?!
+12
taalay25
2018-07-17 11:28:43
Missing-u, ал тергоодо оз эркинде эмес, Аны тергоочу менен адвокат чечет
+3
Kumarchik
2018-07-17 10:56:39
Баланын досун камака алды значит бир сыр бардай
+3
rysik79
2018-07-17 11:00:55
Бала мен эч нерсени билбейм, эч нерсе эсимде жок деп жаиыптыр го. Аффект абалы кылмышты женилдетет да. Милицияларга конул бурдуруп кылмыштан кутулууну ойлоп жаткандыр. Кан коё бербейт. Ким олтурсо да жакшылык корбой калды го. Жайын жаннатан болсун Бурулай!
+6
Kyrgyz_bloger
2018-07-17 11:04:57
Менин оюмча балага жана ата энесине акча беришип сен моюнуна алып кичине олтур биз сени тез эле чыгарып алабыз деши мумкун анткени бул жерде баардык милициялардын кадыр баркы министр мвд нын креслосу роль ойнойт да.
+4
Matahara1980
2018-07-18 11:39:35
Эмнеге кылмышкерден интервью алыш керек экен , киши олтургучтун суйлого укугу жок. Белгилуу болуп туратго озу эле олтуруп койду просто мойнуна алгысы келбей жатат акмак, эми ууру тойгончо жеп олгончо карганат болуп жата бер чирип, кыздын каны койо бербесин сени
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан