Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов: "Жер маселесин президент эмес, өкмөт чечет"

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.

Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна мурунку тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

Жекшенкуловдун пикиринде, бул маселени ырбатууга кызыкдар тараптар бар.

"Процедура бүтпөй калганы чын болуш керек. Бул элчиликтин жери 2003-жылы чечилген. Имарат куруп, отурукташып калганына 10 жылдан ашты. Бул маселени дипломаттар коомчулукка туура түшүндүргөн эмес. "Кытайга жер берди" деп ызы-чуу болуп кетти. Азыр пайдаланылып эле жатат да. Эмне, бул келишимге сөзсүз президенттин сапарында кол коюлушу керек беле? Андай эмес да. Жер маселесин президент эмес, өкмөт чечет. Бул маселе, менин билишимче, парламентке чейин чыкпайт. Бул убактылуу эле берилген жер. Эч кандай ратификацияны талап кылбайт. Ушуну туура түшүнүш керек.

Дипломатиялык мекемелерге ар бир мамлекеттин өкмөтү шарт түзүүгө милдеттүү. Бул дипломатия. Эл аралык Вена конвенциясында ушундай талап бар. Бул маселе Роза Отунбаева, Курманбек Бакиев же Сооронбай Жээнбековдун учурунда эмес Аскар Акаевдин мезгилинде чечилген. Мындай ызы-чууну элдин нааразычылыгын жаратуу максатында саясий кеңешчилер атайын жасап жатышат", - деди Жекшенкулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, Абдывахап Нурбаев, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан