Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.
Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жооп берди.
Эл өкүлү бул келишим боюнча Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө макулдугун айтты.
"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кытай тараптан дагы, биз тараптан дагы ички процедуралар бүтпөй калгандыктан документке кол коюлган эмес. Мен да ошондой деп ойлойм", - деди Нурбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.