Саясат таануучу Даниел Кадырбеков Кытайга жер берүү маселеси боюнча: "Бул кырдаалдан эски президенттин тегерегиндегилери пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн"

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.

Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Кадырбековдун пикиринде, Кытай элчилигине жер берүү маселеси боюнча президенттин администрациясына ишенбей коюуга себеп жок.

"Расмий тараптар "процедуралык маселелер бүтпөй калды" деген себепти айтып жатат. Азыр президенттин админитсрациясына ишенбей коюуга негиз жок. Ошондуктан мен да келишимге кол коюлбаганына ошол эле себеп болду деп ойлойм.

Президент да "бул маселени элге шашпай түшүндүрүп берели, элдин нааразычылыгына калбай, шашпай эле бүтүрөйүн" деген болушу мүмкүн. Себеби бул маселе элде нааразычылык жаратып, бул кырдаалдан эски президенттин тегерегиндегилери пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан мен да процедуралык маселелер калган болсо элге шашпай түшүндүрүп, кийин кол койгону туура деп ойлойм. Дүйнөлүк практикада элчиликтер бири-бирине жер алмаштырып берген учурлар болгон. Мындан саясат жасабай, шашпай күтүп турган оң", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, Абдывахап Нурбаев, жарандык активист Адил Турдукулов жана мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан