Астротөлгө: 13-апрелде төрөлгөн адамдар үчүн жеке жашоо арткы планда турабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

13-апрель күнү төрөлгөн адамдар амбициясы күчтүү, активдүү болушат. Алдына кандай максат койбосун жетмейинче жаны тынбайт. Бардык жумуштун майын чыгара жасай алат, ошону менен катар берилген тапшырмалар оор болобу, жеңил болобу баш тартпай, баарын аткара алышат. Булар абдан боорукер, ак көңүл болгондуктан бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Бирөөгө жүгүн артканды жаман көргөндүктөн өзүнө тиешелүү көйгөйдүн баарын өзү чечет.

Ал эми жеке мамиледе өнөктөшүнө өтө кылдат мамиле кылышат. Жакын, ынак мамиле булар үчүн зарыл, бирок карьерага көбүрөөк ыкташат. Себеби, бул күнү төрөлгөндөрдүн амбициясы күчтүү болгондуктан сүйүү арткы планга жылып кетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2019-04-13 10:39:29
Мен толго ачып кордум. Жакында Республика жана СДПК партиясы оппозицияга кетет. Жана буларга созсуз башка партиялар кошулат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан