Бул күнү төрөлгөндөр кыялкеч, романтик болгону менен, оюндагысын ишке ашырууга жөндөмдүү. Интеллекти күчтүү, эмгекчил, жоопкерчиликтүү келишет. Жалгыздыкты жакшы көрүшөт, кимдир бирөө менен сейилдөөнүн ордуна үйдө отуруп эс алууну тандайт. Адамдар менен бат тил табышат жана сыйчыл болушат.
Ачык-айрым, чыгармачыл, максатты түз коюп, ага жетүүнүн оңой жолун билишет. Өтө акылдуу жана элестетүүсү күчтүү, бул өзгөчөлүгү так илимдерге жакын болууга, сүрөткерликке тартып турат. Өзүнүн сынынан өткөн адамдар менен гана дос болушат, ошондой эле жанына өзүнө жаккан жагымдуу адамдарды топтойт. Эмгегинин акыбети кайтып калса аны баары менен бөлүшүүдөн эргүү алат, бул алар үчүн мактаныч эмес. Тырышчаактык - алардын ийгиликке жетелеген сапаты.
Сезимдер жаатында көз карашы бири-бирине туура келген түгөйгө туш келсе бекем үй-бүлө курушат. Жакындарына камкор жана берилип мамиле кылат, алардан да ошондой мамилени күтөт.