Орусия футбол курамасынын коргоочусу Сергей Игнашевич Дүйнө биринчилигинин алкагында эң арзан футболчу деп табылды. Бул боюнча германиялык "Transfermarkt" деп аталган спорттук сайттын футболчулардын баасы тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн.
Маалыматка караганда, анда ЦСКА командасынын оюнчусу Сергей Игнашевич 25 миң еврого бааланган. Алдыңкы сапта бразилиялык чабуулчу Неймар менен аргентиналык чабуулчу Лионель Месси туруп 180 миллион еврого бааланышкан. Ал эми курама командалардын ичинен эң кымбаты болуп Франциянын курамасы табылып, команда 1 миллиард 80 миллион еврого бааланган.
Эске салсак, ушул жылдын 14-июнь күнү Орусияда футбол боюнча Дүйнө биринчилиги башталат. Ага 32 команда катышат.