Муфтият: "Орозо айт Айдын жаңырышына карата 15-июнда же 16-июнда белгилениши мүмкүн"

Орозо айт майрамы 15-июнь күнү же 16-июнда белгилениши мүмкүн. Так күнү Айдын жаңырышына карап чечилет. Мындай билдирүүнү мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Азыр болжолдуу түрдө 15-июнь Орозо айт майрамы катары белгиленди. Айдын жаңырышына карата ортодо бир күн айырма болушу мүмкүн", - дейт басма сөз кызматы.

Ал эми коомдогу "15-июнь Орозо айт майрамы болсо, 29 күн эле орозо кармап калабызбы" деген суроого аталган башкармалыктан төмөндөгүдөй жооп беришти.

"Эгер Ай орозонун 29-күнүндө жаңырса, анда 29 күн кармалат. Эгер 30-күнүндө жаңырса, анда толук 30 күн кармалат. Мунун эч кандай терс таасири жок. Айдын жаңырышы Алла Тааланын эркинен. Былтыр деле орозону 29 күн кармаганбыз. Мындай көрүнүш буга чейин болуп келген, мындан ары деле кайталана берет", - дейт мусулмандар дин башкармалыгы.

Эске салсак, буга чейин Орозо айт 15-июнга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Isco22
2018-06-11 16:47:08
Ошондо айт намаздан кийин ооз ачабызбы
-5
Topchubai
2018-06-11 16:57:48
Isco22,Айт куну оозубуз ачык болот инша Аллах
+6
nurgaz
2018-06-11 17:09:31
Эми туура маалымат бериптир, айды коруп айт намазды белгилегени туура, болбосо мусулмандардын ортосунда болунуу пайда болот.
+7
Asyl10
2018-06-11 17:53:55
Асманды карап отурбай, астрологдордун маалыматына карап эле белгилесе болбойбу. Айдын качан, саат канчада жаныраарын алар илимий негизде изилдеп качаан эле интернетке киргизип коюшкан го. 14-июнь куну танкы саат 4:35 те жанырган айдын биринчи куну деп илимий изилденген календарь чыккан жыл башында эле.Ай корунбой калса,кун буркоо болуп анда эмне кылабыз? Ай корунбой калды деп отура беребизби?
-8
sezim
2018-06-11 19:25:27
Asyl10,Атам дагы булар быйыл 2же 3 кунго кечикти ай корунот бурсукуну деп жаткан, биздикилер эмне астрологдор менен иштешишпейби
-7
tatynam_88
2018-06-11 17:58:49
Ушулар акыркы 4.5жылдан бери болот,анык,так деп айтышпай калды.мумкун менен чектеп калышты.мурда мумкуну жок эле ушул куну айт десе ошол куну айт болчуле.
-7
kuba.kq8705
2018-06-12 12:12:06
Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып озунчо болгонду жактырат окшойт орозонун башталышын бир кунго кечиктиришти ар дайым ушундай кылып келе жатышат башка олколор 30 кун кармашса биз 29 кун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан