Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген собол салды.
Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, учурда коомдо адилеттүү соттук чечимдерге талап жогору.
“Аида Салянованын ишинде эч кандай саясатты көргөн жокмун, бирок ишти саясий боёкко айлантуу аракети болууда. Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып жатат. Алексей Елисеев Максим Бакиевдин эң жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү. Максим Бакиев кандай иштегенин 2010-жылдын 7-апрели көрсөттү. Эгер Салянованын ишинде саясат бар болсо, ал анын 3 жашар наристеси бар экенине карабай азыр абакта отурмак. Анын кызынан кичүү балдары бар энелердин эркинен ажыратылган учурлар бар эмеспи. Албетте, Салянованын күнөөсү канчалык болгонун жакшылап териштирүү зарыл. Бирок “Саляновага каршы саясий куугунтук болду” деп эсептебейм.
Карганбек Самаковдун ишин дагы саясий деп айтуудан алысмын. Ал жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталууда, бул экономикалык маселе. Балким, башында саясий жагы болгон, бирок ал Алмазбек Атамбаев менен эмес, Өмүрбек Текебаев менен чырдашып кеткен. Эгер Самаковдун ишин саясий десек, анда Сапар Исаковдун да ишин саясий деп баалоого туура келет.
“Элдик парламент” боюнча да териштирүү керек. Бул кыймылдын мүчөлөрү мамлекетке канчалык коркунуч жаратканын аныктоо керек. Менин оюмча, “Элдик парламент” курч билдирүүлөрүнө карабай өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыра ала турган саясий күч болгон эмес. Анын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге каршы чыгышкан, бирок алар менен бирге жүздөгөн же миңдеген жарандар чогуларына ишениш кыйын.
Албетте, бардык иштер бирдей эмес. Ар бирин өз-өзүнчө караш керек. Учурда коомдо адилеттүүлүккө суроо-талап жогору”, - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, журналист Жамиля Аилчинова, саясий ишмер Эдил Байсаловдун пикирлери бул шилтемеде.