Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев өз пикирин билдирди.
Жетимишбаевдин пикиринде "саясий негизде соттолгон саясатчылар бийлик алмашканда эле акталып кетиши керек" деген жаңылыш ой, мыйзамдын жолу менен иш алып барышыбыз керек.
"Бул соттолгон саясатчыларды кандай деңгээлде болсо да, сот күнөөлүү деп соттогон. Адилеттүү болобу, адилетсиз болобу, сот кескен, сурак болгон. Эми "президент алмашты" деп эле аларды чыгара коюу тездик менен аткарылчу иш эмес. Иш процедурасы бар, мыйзам сакталыш керек, жаңы ачылган жагдайлар болуш керек. Дагы бир тарабынан мамлекет башчынын көз карашы да өз таасирин берет.
Жакында өткөн Кубанычбек Кадыровдун сотунда сот алардын жылын кыскартты, бул өсүш десем болот. Соттун чечимин буза берүү да мыйзам бузуучулук, ошондуктан биз убакыт беришибиз керек. Бул иштер кайра ачылып, процесс кайра жүрүшү керек, буга убакыт кетет.
Биздин соттор учурда көз карандысыздыкка жете албай келүүдө, өз эрки менен чечим чыгарган соттор көчөдө калып, бийликти уккандар кылчактап, бүдөмүк чечимдерди чыгарып жашоосун өткөрүүдө. Бул өкүнүчтүү. Учурда деле соттор чечкиндүү иш алып барган учур боло элек, соттор да бир белгини күтүп иш алып баргандай таасир калтырууда", - деди Жетимишбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, журналист Жамиля Аилчинова, саясий ишмер Эдил Байсалов жана саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирлери бул шилтемеде.