Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна журналист Жамиля Аилчинова (Насирова) өз оюн айтты.
Аилчинова азыркы бийлик өз кызыкчылыгынын айынан саясатчыларды абакта кармап турат деген пикирин билдирди.
"Азыркы бийлик "отуздай саясий мотив менен камалгандарды чыгарып жиберсек, алар дагы кыйкырып тынчтыкты алат" деп коркуп турат. Алар камалып турганда эл да бийликтен сестенет, элди сындыруунун жалгыз оптималдуу варианты дешип, аларды дагы 1-2 жыл камакта калтырчудай. Өмүрбек Текебаевдин чыгышы да күздөн кийин болчудай, анткени чыгарып жиберсе, шайлоодо көп орун алып кетеби деп сарсанаа болуп турушат. Садыр Жапаровду да создуктуруп барып, күздөн кийин чыгарат, анткени анын да партиясы бар. Бийликке мекенчилдердин кереги жок, анткени, кылган иштерибиздин былыгын чукуп коёбу деп камтама болушат. Эгер бийлик "Кумтөрдөгү" үлүш 67/33 пайыз менен калуусун кааласа, анда Жапаровду былтыр күздө эле абактан чыгармак. Демек, "Кумтөр" баягы Атамбаевдин кезиндегидей таз кейпинде калып кетеби деген тынчсызданууга толук негиз бар.
Аскарбек Шадиевди качырып жибергенден кийин бийликке болгон мендеги үмүттүн 50 пайызы өчтү. Анын 2 миллиард долларлык оокатына эми ким ээлик кылат? Анын тагдырын бир эле адам чечкендей болуп калды, анын ким экенин жакшы билесиңер", - деди Аилчинова.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Эдил Байсалов жана саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирлери бул шилтемеде