Бүгүн шаардык сотто Канат Исаев акыркы сөзүн сүйлөп, анын иши боюнча чечим чыгары күтүлүүдө

Бүгүн, 12-июнда саат 09:30да Бишкек шаардык сотунда депутат Канат Исаевдин иши каралат. Соттук отурумда айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп, андан кийин соттун чечими чыгары күтүлүүдө.

Буга чейин болгон соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтууга даяр эмес болгондуктан соттук жамаат ишти жылдырып турууну чечкен.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан