Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген Lexus GX470 үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унаа 1-июнь күнү Бишкек шаарынан кармалган. Жылдын башында Ички иштер министрлиги ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык кымбат-баалуу унаалар Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Бул унаа да ошол коррупциялык схема менен өлкө аймагына киргизилгени маалым болду.
“Текшерүүнүн жыйынтыгында ал өлкөгө жасалма документтер аркылуу 2017-жылы кирип, Каракол шаарында каттоодон өткөнү аныкталган. Ошондой эле кылмышты жаап-жашыруу максатында мамлекеттик тиешелүү органдар да бир нече жолу кайра каттоодон өткөрүлгөн. Аны алып кирүүдөн өлкө казынасына 1 миллион 979 миң сом зыян келтирилген”, - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 204 (аткезчилик), 350 (документтерди жасоо) беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Ошондой эле иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 120дан ашык автоунаанын документтери жасалма жол менен жасалганы аныкталып, камакка алынган.