Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.
Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакуновдун жообу төмөндөгүдөй болду.
Токтакуновдун ою боюнча, сот тармагында реформа болуш үчүн соттор өз алдынча болууга эрки жетиш керек.
"Сот реформасы болуп, сот тармагы тазаланган соң коррупция менен күрөшүү болбосо, анда коррупционер менен коррупционер эле күрөшүп жаткандай болуп калат. Сот реформасы болбосо, коррупция менен күрөшүү эмес, саясий күрөш болуп калат. Президент сотторго "туура чечимдерди чыгаргыла, кандай болсо ошондой жыйынтыкка келгиле" деп айтып, эркиндикти толук бериш керек.
Соттор бийликти карап көнүп калышкан. Учурда деле коррупция менен күрөш деп баарын алып барып камап жатышат, бул жерде саясий күрөштүн белгилери байкалып жатат", - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, журналист Семетей Талас уулу жана юрист Канатбек Азиздин жообу бул шилтемеде.