SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыздын идеалдуу кыздары кандай?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Мен бүгүн тойго бардым. Көптөн бери чет жерде жүрүп биздин тойлорду сагыныптырмын. Бирок таң калычтуу нерселер көп болду. Балким көптөн бери көрбөгөнгөбү, өзгөчө кыздарыбыз башкача көрүнүштү. Баары окшош. 90% каштары бирдей эле формада жоон, анан чийилген. Анысы аз келгенсип чубалтып желимдерди кирпик кылып илип алышыптыр. Беттери боппоз. Тырмактары оркоюп өскөн. Тобо... Ушул сулуулукпу? Мен дагы кыргыздын кызымын. Идеалдуу адам болбосо да, кыргыздын кыздарын чыныгы сулуулукту алып жүрүүсүн каалайм. Ал кандай сулуулук? Эң эле биринчи кыргыз кызы өзүн ар дайым таза, тыкан алып жүрүүгө, өтө ачык, кыска кийинбөөгө жана ашыкча боёнбоого милдеттүү. Ал эми мүнөзү... Деги эле кыргыздын кыздары кандай болушу керек?" - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Өзүңүз чет өлкөдө көптөн бери жүрсөңүз, алардын кийинип-жасангандарын деле көрүп жүрсөңүз керек. Же сиз жабык мусулман өлкөлөрүндө жүрдүңүзбү? Тойдогу жасангандарга келсек, ооба 90% кыздар таптакыр өзүнүн табигый көрүнүшүнөн өзгөрүп алышат. Бүт баары жасалма. Жадакалса кээ бирин тааныбай каласың".
- "Инкубатордун тоокторундай" деп өткөндө бир досум айтып жаткан. Макияж, каш, кирпик окшош болгон соң, баары окшош көрүнүп калат".
- "Кандай жүрсө да жылмайып жүргөн кыз көзгө жагымдуу. Боёнсун, бирок чеги менен. Жанагы кирпикти такпай эле койгула демекмин".
- "Бирөө айтты эле, азыркылар үкүдөй болуп бир "куник" болуп алышат деп. Окшош жоон капкара каштар, тажатма чапталган кирпиктер, ашыра чаптаган упалар. Кыздардын нукура сулуулуктарын жаап калгандай".
- "Ошону айтсаңыздар, каштары бир гектар, кирпиктери калактай болуп. Кыздар менин деле кирпигим анча узун эмес. Чаптабай эле жүрөм. Жөн эле койгулачы. Эл деле тажап баштаптыр".
- "Кийими, чачы тыкан болсо, анан жеңил макияж коюп алса супсулуу болот, кызды өзү сулуу кылып жараткан го. Ушу каш-кирпикти өлөрчө кыйнагандарга мен да таң калам, ошону сулуулук деп эсептебейм. Чын эле көчөдө кызы деле, аялы деле окшош көрүнөт, анан дагы жарашыксыз.
Дагы кыска көйнөк кийгендер... "
- "Идеалдуу адам жок болсо керек өзү. Антсе да бардык жактан өзүн идеалдуулукка үндөгөн кыргыз кыздар жок эмес! Каш, кирпик жасатпай, боёнбогон кыздарды жүдөп калыптыр дешет. Анын баарын кылсаң обу жок дешет. Адамга адам жагыш кыйын өзү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.