Журналист Семетей Талас уулу: "Соттор Ак Үйдүн көрсөтмөсү жок иш алып бара албайт"

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна журналист Семетей Талас уулу өз жообун айтты.

Семетей Талас уулу коррупция менен күрөшүү президенттен көз каранды экенин белгиледи.

"Сот системин реформалабай туруп деле коррупция менен күрөшүү мүмкүн. Себеби соттор баары бир президенттен көз каранды да. Соттор Ак Үйдү укпайт, өз алдынча дегени менен баары бир иш жүзүндө Ак Үйдөн көз каранды.

Азыркы бийликтин тушунда чын эле коррупция менен күрөш жүрө турган болсо, соттор коррупциялык иштерди өз алдынча жаап коё албайт, себеби сот системиндеги иштер өлкө башчыдан көз каранды. Президент чындап эле коррупцияга күрөштү баштап койсо, иш уланып кетмек.

Атамбаевдин тушунда "коррупция менен күрөш" деп каршылаштарынан тазалоо иши жүргөн. Учурда коррупцияга каршы күрөш тегиз болот деп үмүттөнгөнбүз, бирок бир тараптуу жүрүп жатат. Ак Үй тарап коррупция менен күрөштү тандап жүргүзбөй тегиз баштаса, анда соттор бул күрөштү ишке ашыра алышат. Күрөштө тандап мамиле болсо, анда коррупционерлердин айрымдары камалып, айрымдары жүрө берет", - деди Талас уулу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, юристтер Канатбек Азиз менен Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан