Хакасияда өткөн эл аралык сынакта мекендешибиз Милана Сариева 1-орунду ээледи

Хакасияда өткөн "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагында Кыргыз өлкөсүнөн барган Милана Сариева биринчи орунду багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган сынакта калыстык кылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.

"5-этникалык "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагына Кыргыз өлкөсүнөн Милана Сариева жана Марсиана аттуу ырчы кыздар катышты. Сынак 3 баскычта өтүп, финалда Милана Сариева 1-орунду багындырып, диплом жана акчалай байгеге ээ болду", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагы 11-13-июнь аралыгында өтүп, ага 10 мамлекеттен 30дан ашуун конкурсант катышкан. Ал эми буга чейин аталган этникалык сынакка "Асман" дуэти жана ырчы Адилет Азимов катышып Гран-Прини жеңип келген.

Хакасия, Абакан - От ыры эл аралык сынагы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2018-06-13 09:37:32
Куттуктайм!
+1
erlan2196
2018-06-13 10:05:57
Азаматсын куттуктайбыз. Кандай сонун.
+1
gitaris93
2018-06-13 10:24:48
Куттуктайбыз оо жаным ийгилик
+1
engel
2018-06-13 10:36:46
Анжелика кийин Айчуроктой возрастында ушундай ийгиликтерди корсото алат болду бекен? Айчурок канча деген сынактарга калыс болуп канча деген жаш ырчыларды колдоп чыгарып келе жатат. Мен билгенден Курал Чокоев, Адилет Азимовдорду Айчурок ушундай сынактарга катыштырган.
+1
RUSLAN.KG
2018-06-13 11:11:55
Мэлани же Миланабы?
0
Rasul94
2018-06-13 15:59:39
RUSLAN.KG,ойдо жакты окусан элден сурабай
+1
surgeon777
2018-06-13 23:06:20
RUSLAN.KG,туура эмес жазып коюшуптур атын.
0
Rasul94
2018-06-13 14:02:36
Куттуктайбыз! Бар бол Милана.анча мынча 11 спортчубуздан коро тузуксун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан