SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.
Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы кошулду.
"Клипти тартууда кыйынчылыктар көп болгон. Сценарий боюнча клип Ошто тартылмак. Эртең менен Ошко учам деп билет алып коюп, эртеси уктап калып, рейстен кечигип калгам. Кийинки рейс менен барганга чейин клипке тартыла турган команда кетип калыптыр. Клипмейкер менен башкы каармандын ролун жараткан байке эле күтүп отуруптур. Ошентип ар кимден суранып отуруп тартканбыз. Анан дагы клиптеги той болуп жаткан жер эки башка жерден тартылган", - дейт ал.
6-ИЮНДАН 13-ИЮНГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Амир Аскаровдун "Кызганам" чыгармасы ээлеген.
8-орун - Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясына буюрган.
7-орунда - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби жайгашкан.
6-орунду - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы камсыздаган.
5-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы 3 баскычка төмөндөгөн.
4-орунда - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы жайгашкан.
3-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасына буюрган.
1-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.