Астротөлгө: 14-июнь күнү төрөлгөндөр демократ болобу?

Бүгүн бирдей укуктуулукту жактырган демократтар, эч кимге көз карандысыз эркин адамдар төрөлөт. Ушул күнү жарыкка келген эгиздер ачык мүнөз, харизмасы, ой-чабыты күчтүү болушат. Табият аларга лидерлик жөндөмдү тартуулаган. Пайдалуу кеп-кеңештери менен башкалардын сыйына татыктуу.

14-июнь күнү жарыкка келгендер мыкты аналитик, психолог болот. Мындан улам аларга калп айтып, алдоодон пайда чыкпайт. Болуп жаткан окуяларга объективдүү баасын берген сынчы болот. Алар менен чырдашып, душман болуунун кажети жок. Анткени жеңиш бары бир ушул күнү төрөлгөн эгиздер тарапта болот. Койгон максаттары ишке ашарына ишенип, тоскоолдуктарды жеңип өтөт. Дайыма өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеп, жаңы бийиктиктерди жетет.

Бул күнү төрөлгөндөр сандырактыкты жек көрөт. Мындан улам таш боор келип, эмоцияга алдырбайт. Көпчүлүк учурда өзүнүн артыкчылык сапаттарына таянып өзүн башкалардан жогору көрмөй жайы бар. Кекчил болгондуктан өч алам деген ой менен жүрөт. Бирок жакындарына такы жаман мамиле кылбайт. Анткени үй-бүлө алар үчүн табылгыс байлык болуп саналат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira28
2018-06-14 04:15:36
Туура жазылыптыр.Менин мунозумо туптуура келди.
+1
altyn7776
2018-06-14 07:48:45
Суперчилер суперсинер чынында!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан