Астротөлгө: 27-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар баамчыл болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

27-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар акылы курч, баамчыл, сезгич болушат. Алар айланасында курчап турган жакын адамдарынын кандай көйгөйү болсо алдын ала байкап, сезип турушат. Ошондой эле булардын акылы курч болгондуктан ар бир ишти кылдаттык менен карап жасайт. Ак көңүл болгондуктан жакын адамдарына катуу сүйлөп, көңүлүн ооруткусу келбейт, ошол эле учурда кандай чөйрөдөгү адамдар болбосун бат эле тил табышып кетишет. Бирок айта кетчү нерсе, булар сыртынан токтоо көрүнгөнү менен ачуусу чукул болушат. Жини келген учурда буларга унчукпай эле койгон туура.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар өнөктөшүнө, дегеле үй-бүлөсүнө абдан камкор болушат. Ата-энесине да, балдарына да өзгөчө көңүл буруп, абдан сый, жылуу мамиле кылышат.

Ал эми булар табиятынан кылдат, тыкан жүргөндүктөн кандай жумушта иштесе да ошондой мамиле кылат. Ачык-айрым, ак көңүл болгондуктан кандай чөйрөдө иштесе да бат аралашып кете алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан