"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов жооп берди.
Ал долбоор ишке ашса, жол эрежелерин бузгандардын саны азаят деген ойдо.
"Бишкек-Ош унаа жолу жана башка жолдордо эреже бузуулар көп болгондуктан кырсыктар катталууда. Видеобайкоолор керектүү жерге орнотула турган болсо, биринчи жолу байкабай мыйзам буза турган болсо, айып пул төлөгөндөн кийин экинчи жолу эреже бузбай калат. Ошондуктан долбоорду ишке ашырууну тездетүү зарыл", - дейт Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.