Депутат Айсулуу Мамашова: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган өлкөлөрдө жол эрежелерин бузгандар аз"

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова жооп берди.

Ал аталган долбоор ишке ашса, жолдордо тартип орнотулмак деген пикирин билдирди.

"Тилекке каршы, жарандар айып пул төлөгөндөн кийин эреже бузбай калат. Ошон үчүн бул долбоор ишке ашканда сөзсүз түрдө тартип болот. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, Казакстандын Алматы шаарында видеобайкоолор орнотулгандан кийин жол эрежесин бузгандар азайган. Ошондуктан тез арада долбоорду ишке ашыруу зарыл", - дейт Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Кенжебек Бокоев, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан