Сапар Исаковду 2 айга камакка алуу боюнча чечим күчүндө калды

13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.

Токтакуновдун айтымында, бул иш мыйзамсыз каралууда.

Белгилей кетсек, 5-июнда райондук сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин 2 айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Мыйзамга ылайык, чечим чыккандан кийин 5 күн аралыгында жогорку инстанцияга кайрылса болот.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
yrmat88
2018-06-13 18:43:40
АШАнын жакын адамдарын куугунтуктоо деп эле тушуном. Болбосо азыр бут чиновниктер коррупциянерлер. Аларды ким камайт.
+8
Bazake
2018-06-14 03:16:40
yrmat88, Четинен камалып жатат. Шашпай туруш керек. Шашкан шайтандын иши
0
FK2
2018-06-13 18:54:27
Терме тезек,келме кезек деп коёт муну. Бирок, кылмыш иштери тандалма болуп жатканы окунучтуу. Бул жерде жон эле бийлик талашуу болуп жаткандай сезилет.
+10
fantomas
2018-06-13 19:05:26
Соке биринчи АША менен Раим милоионпрди камаш керек эле, коррупция менен курошкону чын болсо, Жапаров менен Мырзакматов акталышы керек болуучу.

Кыскасы Сокенин коррупция менен курошкону показуха...
+2
nemo2016
2018-06-13 19:49:59
Мен сокени Атамбаевдин ажыдааларынан кутулуп адилеттуулук орнотот десем мен жанылышыпмын
+8
fora
2018-06-13 19:59:30
Тугандар сокени менда мактап ишеним артырып аттым эле жанылышкан экенмин ал деле Ашанын шапкасын кийип алыптыр эми Эл катары учакта учсада Эл аралап базарлап журосо да ишенбеш керек эекен ал жон эле пияр экен
+8
Tuke8686
2018-06-13 21:06:03
fora,Мен дагы ишенген элем Мадумаров эн туура айткан экен
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-06-13 21:50:54
С. Жапаровду чыгарбай койду! Бунусун үй камагына чыгарышса анда болбой калмак эки айдан соң актап чыгарат чыдай тур деди! Келесоо да билет Соке Аша экөөбү спектакль аткарып жатканын!!!
+6
aydinnur
2018-06-14 00:53:00
Сапарга боштондук! Кайра ордуна алып келиш керек,чалдардын өкмөтүн "базаркомдордон" түзүлгөн парламент менен кошо таратып..
-3
urmat94
2018-06-14 01:04:46
Нурбек Токтакунов деген неме бийликти жамандап журду беле атамбаевдин убагында эми сары мышыка жактоочу болуп алганбы (адашсам кечирим сурайм) билгендер айтып койгулачы
0
Bazake
2018-06-14 03:19:19
Туугандар коррупцияга каршы курош реалдуу баштады. Ар кайсыны айтпай президентке асылганды коюп жардам бериш керек
0
Taalai1997
2018-06-14 04:45:48
С.исаковту актап чыгарышат . с.жапаровтой чынчыл адамды дагы дальше отургузат турмодо

+1
Milduri
2018-06-14 09:48:44
Соттор Атамбаевдин буйругун аткарып атышат. Эртең көрөсүңөр Сапар Исаковду эч кандай күнөөсү жок деп актап чыгарып койушат, Садыр Жапаровдун күнөөсү жок болсо да кармап отурушат бул жеткен акыйкатсыздык. Сапар Исаков куугунтук жеткен акыйкатсыздык деп өзүнө эмес Садыр Жапаровко болгон бийликтин кысымын айтсын. Атамбаев Жээнбеков аркылуу өзүнүн бийлигин жүргүзүп атат. Сапар Исаковду, Кулматовду камап жөн эле эл көзүнө саясий шоу кылып атышат. Жээнбеков Атамбаевдин айтканынан чыкпайт.
-1
bekmirzach
2018-06-14 09:56:28
Сапар Исаковду камакка алуунун эки негизи

1 ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 млн доллар кредит 2%дык үстөк менен алынган. Эми аны биз кайра кайтарып бергенге чейин 493 млн долларды чапчый турганы белгилүү болду. Ал эми дүйнөлүк практикада мындай ири суммадагы кредит алууда ашып кетсе 0,7-0,8% гана үстөк кошулушу керек. С. Исаков муну билбей калышы мүмкүн беле? Эң сонун билет болчу. Ал билип туруп ушундай кадамга барган. Себеби, өзүнүн чөнтөгү кампайышы керек болчу.
2
-1
tnz
2018-06-14 09:59:56
Сапар Исаков куноосу бар болгон учун отурат бКыргызстандагы Атамбаевдин баардык афералардын башында ушул Сапар Исаков турганын баарыбыз коруп турбайбызбы аны кантип аппак деп атасынар уялбай, ал коррупциялык иштердин башаты баарын ушул баштаган коррупциялык иштерди.
-1
bekmirzach
2018-06-14 10:00:13

2 ошол алынган кредиттин 60%ы дагы кайра максаттуу пайдаланылбай, жең ичинен желип кетип жатпайбы. Бир кычкачтын баасы 640 доллар, бир видеобайкоо жүргүзүүчү камеранын баасы 14500 доллардан документтештирилгенин коомчулук билди. Андан башка дагы толтура былыктар чыгышы күтүлүп турат. Ошол эле убакта ТЭЦ маселеси боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоодо экс-энергетика министри, депутат О. Артыкбаев бул маселени жүзөгө ашырууда ал кездеги президенттик аппараттын тышкы саяса
0
Bodibilding
2018-06-14 12:09:57
Камалып еле кутулуп кетеби акчаны толоткуло
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан