Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сапар Исаковго эч кандай тыюу салуучу чаралар болгон жок.
Эске салсак, бүгүн Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берди.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.