Бүгүн, 9-августта Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду эки айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Соттук отурум ачык өттү, бирок фото, видео тартканга тыюу салынды.
Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрыла турганын айтты.
Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.