"Жакында Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевге жолугуп келдик. Алар мыйзам бузган болсо жооп бергенге даяр экендигин айтышты" деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Карамушкина кимдир бирөөнүн күнөөcүн көбөйтө берүү бул айланып келчү бумеранг экенин айтты. Ал эл бажы тармагынан, Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыктан байыган ууруларды биле турганын билдирди.
"Ким мамлекетке пайда алып келди, ким зыянын тийгизгенин эл көрүп жатат. УКМКнын тергөө абагы камактагылардын мейманканасына айланбашы керек. Кулматовду кармаганда террористтей кылып колуна кишен тагып алып кетишкени туура эмес. КСДП башка партияларга окшоп бир дагы жолу митинг уюштурган жок", - деди Карамушкина.