Бүгүн, 28-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлук боюнча соттук отурум уланды.
Сот залына азыр Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкуловдор алып келинди. Азырынча Сапар Исаков сот залына алып келинген жок.
Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, Исаков сот залына алып келинет.