Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" боюнча айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.
Бүгүн эки жактоочу келбей калганына байланыштуу соттук отурум кийинки аптага жылдырылды. Буга башка жактоочулар нааразычылыгын билдиришти. Мындан сырткары айыпталуучуларды көрөбүз деп коридорго чогулган туугандары да залга кирбей калып судьяга нааразы болушту. Ортодон тартипти сактап турган милиция кызматкерлери уруш угуп, айрым аялдар аларды каргаганга чейин барышты.
Соттук отурумда "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков судьяга кайрылуу жасады.
Сапар Исаков өз сөзүндө сот ачык өтүп жатканына байланыштуу ага айыпталуучулардын тарапташтарына да катышууга мүмкүнчүлүк берилиши керектигине токтолду. Андан сырткары ал залдан журналисттер чыгарылганы туура эмес экенин белгиледи.
"Сотко биздин тарапташтар да сөзсүз катышуусу зарыл. Баары ачык болушу керек деген ойдомун. Соттук отурумга журналисттер да өздөрү катышып, айыпталуучуларга кайсы кылмыштар боюнча күнөө коюлуп жатканын, мамлекеттик айыптоочулар эмне деп жатканын көрүшсүн, жазышсын", - деди Сапар Исаков.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат" деп жазылган.
Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.