Астротөлгө: 20-июнь күнү төрөлгөндөр менен сүйүү мамилесин куруу кыйынчылык жаратабы?
Бүгүн башкалардын оюна такыр кошулбаган, ошол эле мезгилде өзүнүн пикирин туура деп ишендире алган эгиздер төрөлөт. Жан дүйнөсү таза, бардык нерсени жакшы жагынан караган оптимист болушат. Алар тобокелге баруудан коркпогон, логикалык ой-чабыты шамалдай ылдам, уюштуруучулук жөндөмгө жана өзүн башкара билген мүнөзгө ээ. Жагымдуу атмосфера түзүү менен башкаларга кубаныч тартуулай алат. Мындай деми менен сыйга татып, бат эле лидер болуп чыга келет.
Бирок алар ар бир сөзгө маани берип майдаланып, айрым учурда ооп кетмей жайы бар. Чорт кыял болушат. Сырттан караган адам бул күнү төрөлгөн эгиздерди эки жүздүү деп ойлойт. Бирок бул ой чындыкка туура келбейт. Анткени аларда өздөрүнө болгон ишеним жогору болгондуктан бул сапатын башкалардан жашыра албайт.
Ушул күнү жарыкка келген эгиздер менен сүйүү мамилесин куруу кыйынчылык жаратат. Анткени алар сүйүүдө өтө кызганчаак, кишини басынтып турат. Ачуусу келсе эч кимге карабай уруш чыгармай жөнү бар.