11-июнь күнү ички туюму жогору, көркөм ойдун ээлери жарык дүйнөгө келет. Башка эгиздерден жаңычылдыкты жактыргандыгы, эксперимент жасагандыгы, ойлоп табуучулугу менен айырмаланат. Күчтүү, ишенимдүү, чыдамкайлыгы менен оозунан чыккан сөзүн ишке ашырат.
Ушул күнү жарыкка келгендер күжүрмөн эмгекчил болуп, карьерасында бийик баскычтарды багынтат. Ар кайсы нерсеге мурдун сала бербейт. Алар эркин, мүнөзүн сыноого дайым даяр. Анткени чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы аларды бардык кыйынчылыктарды жеңип кетүүгө жардам берет. Баса, ушул күнү төрөлгөн эгиздер планды кагазга эмес, мээсине жазып алат.
Өжөр, каршылашуу алардын башкы кызыгыууларынын бири. Жеңилип калуудан коркпойт. Анткени атаандашы менен күрөшүүү, каршылык көрсөтүүнүн өзү рахат тартуулайт. Бирок айрым учурда өздөрүн өтө жогору баалап алышат.