SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.
Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Нурлан Насиптин "Мектебимди сагындым" чыгармасы кошулду.
"Быйыл мектепти аяктаганыма 10 жыл болуп, классташтарыма арнап ушул чыгарманы жаздым. Клипке менин эң жакын досторум, мени менен чогуу окуган классташтарым тартылган. Ал эми клипте биздин окуучулук күндөрүбүздү №5-гимназиянын окуучулары жараткан. Алар биздин башыбыздан өткөн чыныгы окуяларды чагылдырып беришти. Клипти Бишкек шаарындагы №5-гимназиядан тарттык", - дейт ал.
13-ИЮНДАН 20-ИЮНГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Анжеликанын "Жаным, сага баратам" чыгармасы камсыздаган.
8-орун - Амир Аскаровдун "Кызганам" видеокомпозициясына буюрган.
7-орунда - Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы жайгашкан.
6-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы камсыздаган.
5-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасына буюрган.
4-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.
3-орун - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунду - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы ээлеген.
1-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.