ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаковдун жана 7 аткаминердин иши боюнча сот иши кийин улантылат

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу дайындалган. Бирок жактоочулардын шаардык сотко берген даттануусу карала электигине байланыштуу сот иши кийин улантылмай болду.

18-февралда кылмыш иши боюнча жабык өткөн соттук алдын ала уктуруу учурунда айыпталуучулардын жактоочулары райондук сотко мыйзамсыз далилдерди алып салуу өтүнүчү менен кайрылып, ал канааттандырылган эмес.

SUPER.KG порталына Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов: "Соттук иште далил катары колдонулуп жаткан "Энергопром" ишканасынын эсептөөлөрү экспертизага даярдалып берилген. Ал экспертизанын бөлүгү болуп, эсептөөлөр жүргүзүлүшү керек болчу.

Тергөө иштери менен өз убагында бизди тааныштырган жок, биз ал процесске катышкан эмеспиз. Экспертиза мыйзамсыз жасалган, ошондуктан аны тизмеден чыгарууну суранып жатабыз. Мындай өтүнүчүбүздү райондук сот четке какты. Бул боюнча шаардык сотко кайрылганбыз. Райондук сот арыздардын баарын чогултуп шаардык сотко жибериши керек эле. Бирок ал арыздар шаардык сотко жөнөтүлбөптүр. Шаардык соттун чечими чыккандан кийин ишти кароо башталат", - деди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан