Бүгүн, 30-октябрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу соттук отурум уланып жатат.
Сот залына Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкулов алып келинди.
Ошондой эле сот залына айыпталып жаткандардын жакындары келишти.